Меню
Эл-Сөздүк

Имплементация (эларалык укукту)

ИМПЛЕМЕНТАЦИЯ (эларалык укукту) (англ. implementation ) – эларалык укук ченемдерин улуттук мыйзамдарга жана мыйзамга негизделген актыларга трансформациялоо жолу менен эларалык милдеттенмелерди ички мамлекеттик деңгээлде иш жүзүнө ашыруу. Бир катар мамлекеттерде ратификацияланган эларалык келишимдер дароо эле улуттук мыйзамдардын ажырагыс бөлүгү болуп калат. Алсак, КР Конституциясына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, КР катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эларалык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери КР мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: